Бүгүн, 4-июль саат 10:00гө карата коронавирус инфекциясы боюнча статистикалык маалыматтар менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова тааныштырды.
Ага ылайык, сутка ичинде илдет аныкталган 327 бейтаптын баары оорулуулар менен байланышта болгондор. 59 бейтап ооруканадан чыгарылса, дагы 2 бейтап каза болду. Тилекке каршы, өтүп кеткен суткада пневмониядан 31 адам каза болду.