Өлкөдө коронавируска байланыштуу республикалык жана оперативдик күнү-түнү иштеген штаб уюштурулду

Өлкөдө Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан коронавируска байланыштуу республикалык жана оперативдик штабдын күнү-түнү тынбаган иши уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда коронавируска байланыштуу жыйында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

"22 санитардык-карантиндик (СКП) жана убактылуу медициналык пункттарда эпидемияга каршы иш-чаралар күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Кыргыз өлкөсүнө келген жарандарды обсервациялоо жана керек болсо ооруканага жаткыруу иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч-аракеттери орун жатактарды даярдап, иштеп жатат", - деди ал.

Бөлүнгөн жатак орундар:

Кыргыз Республикасынын ССМ дарылоо мекемелери (стационардык) - 399

"Иркештам" контролдук өткөрүүчү пункту - 100

"Торугарт" контролдук өткөрүүчү пункту - 100

"Манас" эл аралык аэропорт - 183

"Ош" эл аралык аэропорт - 40

Кыргыз өлкөсүндө даярдалган орун жатактар жалпы - 822

"Мындан сырткары госпиталдаштыруу пункттарында 99 инфекционист дарыгер, 341 эпидемиолог, санитардык дарыгер жана лаборатордук кызматтардын дарыгерлери иштеп жатышат", - деп кошумчалады ал.

Саламаттыкты сактоо министри: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан