Министрлик: "Вирустун очогу Ухан шаарында 15 Кыргыз жараны бар"

27-январь күнү өкмөттүн кезектеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев вирустун очогу болгон Ухан шаарында 15 Кыргыз жараны бар экендигин айтты.

"Коронавирус боюнча Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз иштешип жатабыз. Вирус чыккан Ухан шаарында алгач 50гө жакын Кыргыз жараны болгон. Алардын көпчүлүгү студент болгондуктан, каникулга байланыштуу учурда башка аймактарда жүрүшөт же мекенибизге кайтып келген. Пекиндеги элчиликтин маалыматы боюнча, учурда Кыргыз өлкөсүнүн 15 жараны бар. Кытай бийлиги Ухандагы чет өлкөлүк жарандарды кантип алып чыгып кетүү боюнча чечим кабыл ала элек. Азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрүнүн Уханда жашап жаткан жарандарын алып кетүү иштери каралууда. Биздин жарандарыбыздын ичинде коронавируска чалдыккандар жок", - деп билдирди Нуран Ниязалиев.

Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-01-27 12:55:22
буларды олкого жакындатпай эле койсун
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан