"Кыргыздын жерлерин тажик тарап арык чаап атып эле алып коёт". Бул тууралуу Баткен районунун Актатыр айылынын тургуну Азизбек Салибай уулу билдирди.
"Кыргыз-Тажик чек ара маселеси бүгүн же кечээ пайда боло калган жок. Бул тээ илгертеден бери чечилбей жаткан меселе. Эмне үчүн бийликке эл ишенбейт? Анткени Лейлек районундагы фарфор алынган тоону, Үч-Дөбө айылындагы жерди бир алдырып жиберишкен. Ошондой эле 2013-жылы Төрт-Көчө айылындагы жесир аялдын үйүн тажик тарап "үйүндө курал бар" деп өрттөп салганда дагы биздин бийлик үн каткан эмес. Ал эми тажик тараптан эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Ак-Сай айылында канча деген октор атылды. Ага дагы эч ким жоопкер болгон жок. Болгону ок тийген адамга 8 миң сом компенсация берилген экен.
Өткөндөгү орун алган чек ара чырынан кийин камалган 4 жаран боюнча айтсам. Алар тажиктерден күйүп жаткан үйүн коргогону үчүн милицияда сурак берип жатышат. Биздин Төрт-Көчө айыл аймагында мыйзамсыз курулушту тажик тарап баштаган. Мен кичине кезде ал жер кыргыздарга карачу. Тажик тарап арык чаап атып эле талаш жерге айланып калды. Ушундай иштер болуп жатса, бийлик татыктуу чара көрбөсө, кантип биз бийликке ишенебиз? Анан вице-премьер Жеңиш Разаков бизди акчага сатылып кетти деп жатат. Разаков кечирим сурасын жана отставкага кетишин талап кылабыз. Экинчи талап Лейлек, Актатыр, Ак-Сай айыл аймактарындагы үлүш жерлер бар, ошого бизди үй салдырганга уруксат берсин. Биз ошол жакка үй салып, чек араны кайтарышыбыз керек", - дейт ал.