Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселени кароо жабык эшик артында өтүүдө.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселени жабык кароону Жогорку Кеңештеги өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев сунуштады.
"Чек ара маселесин кароону жабык карашыбыз керек. Анткени эки элдин мамилеси айтылат. Ар кандай сөздөр болушу мүмкүн", - деди Темирбаев.
"Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов дагы чек ара маселесин жабык кароо сунушун берди.
Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев жабык кароонун кажети жок экенин белгиледи.
"Жабык кароонун кажети деле жок. Депутаттардан журналисттер эмнеге жабык караганыбызды сурайт. Биз жооп беребиз. Ошондуктан ачык кароо керек", - деди Масалиев.