Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чыр-чатактын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр толук кандуу сакайып кеткиче аларга үзгүлтүксүз медициналык кам көрүлөрүн белгиледи. Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жапа чеккен. Дарыгерлердин айтымында, бардык жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык.
13-мартта Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан.