Бүгүнкү күндөгү маалыматтарга ылайык, Кытайдын Ухан шаарынан чыккан коронавирустун кесепетинен 170ге чукул адам каза болуп, 8000ге жакын адам вируска кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар расмий маалыматтарга таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын бардык каржы органдары коронавируска каршы күрөшүү үчүн 27 миллиард 7 миллион 300 миң юань (3 миллиард 9 миллион доллар) көлөмүндө каражат бөлгөн.
Мындан сырткары, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган вирус Тибетте дагы биринчи жолу катталгандыгы айтылууда.