Тажикстандагы дарыканаларда дары-дармектер кескин түрдө жогорулап, калбай калды

Коңшу Тажикстанда коронавирустук инфекция расмий түрдө катталгандан кийин өлкөдө дары-дармектердин баасы кескин түрдө жогорулап, дарыканаларда калбай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын жашоочулары вируска каршы дарылардын көпчүлүгүн ошол коронавирус аныкталгандан кийин эле сатып алышкан. Жашоочулар айрым шаарларда дары-дармектер төрт эсе кымбат баада сатылып жатканын айтышкан. Мисалы: Арбидол дарысы 15 сомониден (115 сом), 400 сомониге (3 миң 76 сом) чейин көтөрүлгөн.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды ажиотаж болбоого чакырган. Министрлик билдиргендей, фармацевтикалык компаниялардын жеткирүүлөрү бар жүк ташуучу унаалар келе жатат.

Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы расмий түрдө 30-апрелде катталган. Учурда инфекция аныкталган адамдар кескин түрдө көбөйүп 230га жетти жана 3 адам каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chungyz
2020-05-05 12:44:26
Биздин баштан отту бул кундор бизнесмендерди жыргатып жатасынар тажик эли паника алдырбагыла
+1
Omar.
2020-05-05 15:43:53
Тажиктер бат эле паника кылып жиберишет окшойт, эсиңердеби бизге вирус каттала электе Тажикстанда катталды деп, тажиктер Баткенге кирип азык-түлүктүн баарын жыйнап кетишкен.
Кийин Баткенге ун жеткирип беришти го биздикилер.
-1
Usow
2020-05-05 16:05:12
Эээх тадиктер эсен болгула кантсе да гигиенаны сактап паниканы жоготкула
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан