Казакстанда 6 айлык наристеден коронавирус аныкталганы айтылды

Казакстанда бүгүн, 17-апрель саат 11:00гө карата коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 470ке жетти. Сутка ичинде 139 жарандан вирус аныкталып, арасында 6 айлык наристе бар экени кабарланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

"17-апрелге карата Караганда облусунда 3 жарандан вирус аныкталды. Алар оорулуулар менен жакын байланышта болгон 41, 19 жаштагы эркек кишилер жана 6 айлык ымыркай. Буга чейин баланын ата-энеси вирус жуктуруп алышканы белгилүү болуп, ооруканада жатышкан. Ал эми наристе провизордук госпиталда болчу", - деп айтылат маалыматта.

Учурда айыккандардын саны 285ке жетип, каза болгондор 17ге жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан