Бүгүн, 31-январда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү материалдар укук коргоо органдарына берилдиби" деп сурады.
"Азаттыктын" жетекчиси Айзада Касымалиева укук коргоо органдарына тийиштүү документтер берилгенин айтты. "Эсиңиздерде болсо, май айында иликтөөбүздүн экинчи бөлүгү чыккан. Биринчи бөлүгү 2017-жылы жарыяланган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына документтерди иликтөөгө бергенбиз. Эмне үчүн Улуттук банкка документтерди берген жоксуңар деп айтып жатышат. Документтер кайсы жакка бериле турганы журналисттердин милдети эмес, укук коргоо органдарынын милдети", - дейт Касымалиева.