"Азаттыктын" журналисти Али Токтакуновдун "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүндө ынанымдуу далилдер жетишсиз болгон. Ошол эле мезгилде журналист Элнура Алканова көптөгөн нюанстарды таап чыкты. Мындан улам бул иликтөө буюртма эмеспи деген күмөн ой келет" деди саясат таануучу Бакыт Бакетаев. Ал бул тууралуу бүгүн, 18-июнда өткөн тегерек столдо айтты.
"Буга чейин "Азаттык" Максим Бакиевдин Лондондогу үйү тууралуу иликтөө материалын жарыялаган. Ал материалда баары түшүнүктүү жана так далилдер бар болчу. Ал эми Матраимов тууралуу иликтөөсүндө чогултулган маалыматтарды толук кандуу иштеп чыкпай, таштап койгондой болду. Иликтөөдө көп суммадагы акча каражаты менен окурманды тартып, адамга айып таккандай болду. Анын күнөөлүү экенин далилдеген негиз кайда?" - деди.
Ошондой эле саясатчы учурда бул боюнча көп маселелер көтөрүлүп, бирок аягына чыкпай жатканын кошумчалады. Ал ошол эле Максим Бакиевдин үйү тууралуу иликтөөнүн уландысы жок экенин айтты.
"Раим-миллион кантип белгилүү болду? Ал мелдештерди уюштурат, мектептерди курат, жардамга муктаждарга кол сунат. Ошондон улам аны эл тааныйт. Бизде эч нерсе курбаган миллионерлер бар. Ошолорду иликтеп чыкса", - деп сөзүн жыйынтыктады.
Ошол эле мезгилде саясий эксперт Игорь Шестаков "Райымбек Матраимовдун айланасындагы болуп жаткан иштер Фейсбуктун версиясы, чындыгында эч кандай факты жок" деди.
"Азаттык" Кыргыз өлкөсүнөн "Абдыраз" ишканасы аркылуу чыгарылып кеткен 700 миллион доллар жана алтын куймалар тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Журналисттин айтымында, өлкөдөн чыгарылып кеткен акчанын изи Матраимовдорго барып такалат экен. Айэркен Саймаити Матраимовдордун фондуна Түркиядагы банк аркылуу 2 миллион 338 миң 700 доллар которгон делет. Ошондой эле ири суммадагы каражаттын дагы бир бөлүгүн "Xinjiang Abu-Sahiy import and export trade" кытай компаниясына которгон. Бул компания Матраимовдордун бир туугандары калкалап турат делген "Тарим Транс" жүк ташуучу компаниясын негиздеген.
Ал эми журналист Элнура Алканова "Азаттыктагы" кесиптеши чыгарган жыйынтыктын күмөн экенин алып чыкты. Алканова иликтөөдө колдонулган айрым документтер жасалма болушу мүмкүн деген" деди ал.
15-июнда "Бешинчи канал" жаңылыктарынын кечки чыгарылышында "Азаттыктын" эки апта мурда жарыялаган "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөткөн. Ошондон тартып коомчулук 2 иликтөөнү талкуулоону токтото элек.