Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Эркин Сопоков УКМКга сурака чакырылган. Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан Сопоковдун дипломатиялык номердеги унаасы табылган.
"Сопоковду комплекстүү текшерүү иш аракеттеринин жыйынтыгында Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери УКМКнын Тергөө башкармалыгына жиберилген.
Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча катталган. Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен "Лэнд Ровер – Рэндж Ровер" маркасындагы өздүк автоунаасын Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы.
Кылмыш-жаза кодексинин "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча катталган. Сопоковдун 200 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 миллион сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы.
Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча катталган. Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30 пайыз акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес. Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.
Сопоковдун катышуусунда тиешелүү тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ал Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.