Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Жыйындын танапистен кийинки бөлүгүндө Эркин Сопоков күбө катары төмөнкүлөрдү айтты.
Айтымында, Саймаити ага көп маалыматтарды айтып берген.
"Айэркен Саймаити сентябрь айында мага келип жолукту. Ден соолугубузду сураштык, отуруп сүйлөштүк. Уулунун паспортунун мөөнөтүн узартууга келгенин айтты. Ал Өзбекстандагы "Абу Сахи" базарынын кожоюну Ажыке деп койчу, ошол адам ага чоң суммадагы акча карыз экенин жана алар карызды кайтарбай жатканын айтып жатты. Саймаити ошол ири суммадагы карызды алып алсам, дагы ишкерлигимди улантып кетсем деген сөздөрдү айтты. Кийин жолугуп чай ичкенибизде дагы "Ажыке Хабибулла мага 830 миң доллар акча карыз" деп калды. Акчаны накталай бердиң беле деп сурасам, ал анын колунда иштегем деди.
Ал акчаны кайтарып алуу үчүн журналисттер менен сүйлөшкөнүн, "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов менен баарлашканын ортого салды. Ага кайсы бир дүмүрчөктөрдү бергенин да айтты. Ал негизи 2018-жылы эле журналисттер менен байланышып жатканын билдирген. Саймаити ар дайым Хабибулла менен телефон аркылуу сүйлөшүп турган. Биз менен чогуу отурганда дагы сүйлөшүп калчу жана алар бири-бири менен жакшы мамиледе болчу. Анан карызын да сурап калчу.
Биз башка учурда жолукканыбызда Ажыке ага 830 миң доллардын 30 миң долларын кайтарганын айткан. 2019-жылдын май айында кайра кезиккенибизде "ал болду ушуну менен акчаны бербейт экен, баарын берсе жакшы болмок" деген. Андан кийин июнь айында 200 миң доллар карызын берип жиберген экен. Андан кийин "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов Стамбулга учуп келерин, аны менен жолугарын айтты. Эмне үчүн жолугарын сурасам "биз ушундай келишим түзгөнбүз, ЖМКлар аркылуу карызды кайтарууга жардам берет" деген. Ал жалпы 100 миң доллар бере турганын, адегенде анын 50 миңин берип турарын билдирген. Ал "Абу Сахиден" карызын алганда калганын бермек экен.
Кийин июнь же июль айында Айэркен Алинин келип кеткенин, 50 миңди бергенин айтып, кандайдыр бир дүмүрчөктөрдү берген. Банк аркылуу жиберилген дүмүрчөктөр болот го. Саймаити Кыргыз өлкөсүндө жашаганда Стамбулга, Кытайга акча жиберип турган. Айэркен Ажыкеден карызынын калган бөлүгүн да өндүрүп жаткан, 500 миңдейин алса керек эле. Ал калганын жакын арада Стамбулга алып келип берерин айткан", - деди экинчи күбө.
Тергөөчү сурак учурунда "Ажыке ким деп сураганда?" Эркин Сопоков "Ажыке - бул Хабибулла Абдыкадыр" деп жооп берген.
Эркин Сопоковдун ысымы Айэркен Саймаитинин ишинде анын киши колдуу болуп каза болгон жерден консулдук унаа номери бар унаа табылгандан улам белгилүү. Ал учурда Түркиянын Стамбул шаарында дал ушул Эркин Сопоков Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп турган. Кийин ал кызматынан алынып, УКМК тарабынан кармалган.