Орусияда 2 жаран коронавирус менен жабыркай турганы аныкталды. Алардын экөө тең Кытай жарандары. Маалыматты орус басылмалары вице-премьер Татьяна Голиковага таянуу менен жазып чыгышты.
Коронавирусту алып жүргөндөрдүн бири Забайкал өрөөнүндө, экинчиси Тюмень облусундагы ооруканада. Алардын абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн эмес деп билдирген санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик кызматынан. Ошондой эле бул вирустун өлкө аймагына тарап кетүү коркунучу жок экенин кошумчалаган аталган мекемеден.
Учурда Орусия коронавируска каршы күрөшүү үчүн кошумча эрежелерди киргизди. Ага ылайык:
Кытайдын Хубэй провинциясындагы Орус жарандарын өлкөгө алып келүү. Хубэйде 650 киши жүргөн болушу мүмкүн. Өлкөгө алып келинген жарандарга 2 аптага карантин жарыялоо;
1-февралдан баштап "Аэрофлоттун" Пекин, Шанхай, Гонконг жана Гуанчжоу, "Шереметьев" аэропортуна кытайлык авиакомпаниялардын аба каттамдарынан башка Кытайга учуучу бардык аба каттамдарды токтотуу;
Кытай Эл Республикасынын жарандарына жумушчу визасын берүүгө тыюу салуу;
Монголиянын чек арасынан өтүүгө чектөө киргизүү.