Бүгүн, 30-июлда Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Кыргызгидромет агенттиги COVID-19 илдетинен каза болгон кызматкерлерин эскерди.
Иш-чаранын жүрүшүндө агенттиктин директору Бекилов Абдишарип Тажимаматович сөз сүйлөп, илдеттен каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул илдет агенттиктин да кызматкерлеринин өмүрүн алганын белгиледи.
Каза болгондор:
Итибаев Зарылбек Сагындыкович - Кыргызгидрометтин мурдагы директору, 57 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан;
Иманбаев Анварбек Шадыканович - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорология боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы, 60 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты;
Илияс уулу Рысбек - Кыргызгидрометтин II баскычтагы Токмок метеорологиялык станциясынын башчысы, 59 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
"Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнөн кабар алынды жана бир мүнөттүк эскерүү болуп, алардын арбагына багыштап куран окулду", - деп билдиришти мекемеден.