Бүгүн, 3-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешти.
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандарын Кытайдын Ухан шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирди.
Кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча Кыргыз жарандары Ухан шаарынан Нур-Султан шаарына Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан ары аларды мекенине Бишкек шаарынан барган атайын учак жеткирди.