Курсан Асановдун иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тергөө иши аяктап, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуянын чоо-жайы:

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

27-августта Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган. Кийин анын баш коргоо чарасы 23-декабрга чейин узартылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alimbek1000
2020-02-04 16:11:36
Курсан Асанов Атамбаевдин арты менен чоң кызматтарга келди. Аягында ошолорун актайын дедиби бирок ошол аңга өзү түшүп калды
-8
Absamat-90
2020-02-04 16:17:22
Кызматынан кыянаттык менен пайдаланбашы керек эле.
-7
Jaznura
2020-02-04 16:19:09
Курсан Асановдун милициянын кызыкчылыгын сатканы далилденет турбайбы?
-7
Mister-X
2020-02-04 18:36:01
Курсан Асанов накта генерал, накта эркек.Жон эле куноолоп жатышат.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан