"Коронавирусту жайылтпоого катуу көзөмөл коюлду". Си Цзиньпин менен Дональд Трамп вирус тууралуу телефон аркылуу баарлашты

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус тууралуу талкуулашты. Алардын сүйлөшүүсү телефон аркылуу болгонун Кытайдын телеканалдарынын биринде жарыяланган.

Анда айтылганга ылайык, эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүсү бүгүн, 7-февралда орун алган.

угуштуу вирус башталган күндөн тарта ага каршы күрөшүүдө Кытай өкмөтү жана эли бардык мүмкүн болгон аракетин жумшоодо. Коронавирусту жайылтпоо максатында катуу көзөмөл коюлган жана ал иштер жыйынтыктарын көрсөтүп жатат", - деген Си Цзиньпин.

Мындан сырткары, эки өлкөнүн лидерлери бир канча убакыт мурун түзүлгөн соода келишимин ишке ашыруу тууралуу талкуулашты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2020-02-07 22:13:59
дүйнөдөгү орчундуу көйгөйгө айланганы турат кудай озу сактасын ооруу сыркоодон элибизди
-2
KAYRATBEK
2020-02-08 05:05:16
Жугузуп алгандардын Каза болгондордун санын ото ото аз айтып жатат. Олгондордун чыныгы саны 25.500дон ашкандыгы тууралуу айтылып жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан