Коңшу Өзбекстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 18 миң 986ны түздү. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде аталган өлкөдө 455 адамдан илдет аныкталган. Муну менен жалпы 18 миң 986 адам илдетке кабылган. Пандемия башталгандан бери 10 миң 149 бейтап оорудан сакайган. Тилекке каршы 103 адам кайтыш болгон.