"Жарандардан бет кап жана кол кап кийүүнү, коомдук жайларда 2 метрге чейинки социалдык аралыкты сактоону суранабыз" деп бүгүн, 30-майда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Биз ишкердик субъекттердин, транспорт ишканаларынын, базар жана соода борборлорунун жетекчилеринен санитардык-гигиеналык талаптарды сактоону суранабыз. Андан сырткары аталган объекттерде кардарлардын дагы бет кап кийип жүрүүсү маанилүү. Дагы бир жолу жарандардан бет кап жана кол кап кийүүнү, коомдук жайларда 2 метрге чейинки социалдык аралыкты сактоону суранабыз", - деди Суракматов.