Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Новиков 2004-2006-жылдары "Вест Ала-Тоо" ЖЧКсында бухгалтер болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.
2006-2007-жылы "Ататүрк" атындагы коомдук эл аралык фондусунда бухгалтер;
2007-2008-жылы Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн котормочусу;
2008-2009-жылы Экономика министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн башкы адиси;
2009-жылы өкмөт аппаратындагы бөлүмдө эксперт;
2009-2010-жылы Инвестицияны илгерилетүү боюнча агенттигинин адам ресурстарын башкаруу кызматынын эксперти;
2011-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси;
2015-жылы биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин кеңешчиси;
2017-жылы президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализи жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы;
2017-2018-жылы экономика министри.