Сыдыман каймана аты менен коомчулукка белгилүү болгон Элмир Сыдыманов 18-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.
Белгилей кетсек, Сыдыман социалдык тармакта хейтерлери тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.