Бай-Дыйкан айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан Жалал-Абад облустук милициясынын медицина кызматына 2 жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырылды. Бул тууралуу Бай-Дыйкан айыл чарбаны колдоо борборунун кызматкери Дамир Кубанычбеков билдирди.
"Биздин дарыгерлер жана күч органдарынын кызматкерлеринин эл үчүн кылып жаткан эмгектери ат көтөргүс экени эми билинди! Буга чейин биз тартип жана ден соолук сакчыларынын баркын анчейин билбептирбиз. Өлкөнү жаман апаат каптагандан бери, ушул эки тармактын кызматкерлери күн-түн дебей өз милдеттерин так аткарышууда. Бул үчүн сиздерге терең ыраазычылык", - деп жазылган маалыматта.
Мындан тышкары, Базар-Коргон райондук ооруканасына дагы 13 даана жасалма дем алдыруучу аппарат берилгени айтылат.