Көп жылдар бою футбол боюнча Түрк курама командасынын дарбазасын коргоп келген Рүштү Речбер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу спортчунун жубайы социалдык тармактарга жазды.
"Жакшы жаңылыктар менен бөлүшкүм келген, тилекке каршы, менин жолдошумду коронавирусту жуктуруп алганына байланыштуу ооруканага жаткырышты. Биз анда болгон оорунун белгилери тездик менен курчуп кеткенине таң калып жатабыз. Анткени буга чейин бардыгы жакшы эле. Кызымдын жана баламдын тапшырган тесттери таза чыкты", - деп жазган Речбердин жубайы.