2018-жылы Орусияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү аталган Франция курамасынын футболчулары видеоролик аркылуу дарыгерлерге ыраазычылыктарын билдиришти.
"Көбүнчө сиздер бизди колдоп жатасыздар", - деп билдирген башкы машыктыруучу Дидье Дешам.
"Футбол учурунда сиздер бизге ырдагансыздар, бизди колдогонсуздар. Бүгүнкү күндө тескерисинче, футболду силер ойноп жатасыңар", - дешкен оюнчулар.
"Бүгүн биз силердин артыңарда турабыз, силерди колдойбуз, ырдайбыз жана алкайбыз", - деп билдирген команданын чабуулчусу Киллиан Мбаппе.
"Биз ишенебиз, финалдык ышкырыктан кийин коронавируска каршы жеңишти үйгө алып келесиздер", - деп сөзүн жыйынтыктаган команданын чабуулчусу Оливье Жиру.
Франциянын Футбол федерациясы дарыгерлерге улуттук курама команданын 2020-жылы Париж шаарындагы "Стад де Франс" стадионунда өткөрүлө турган оюндарына 5 миң билет берет.