Журналист Элнура Кулуева өзүнүн фейсбук баракчасына Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылуу жасады.
"Урматтуу министр, бүгүн тамагы ириңдеп, дене табы менен республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына кытайлык кыз түшкөн маалыматты жашырбаңыз. Бул фактыны жок деп танбаңыздар. Кыргыз өлкөсүнө бүгүнкү күндүн маалыматында 1500 кытай келиптир.Текшергиле", - деген билдирүү калтырган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда маалыматты тактап беребиз деп билдиришти.
Ал эми республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы андай маалымат жок экендигин айтышты.