Кечээ, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кайрымдуулук менен алектенип жүргөн ыктыярчылар менен жолугушкан. Бир топ убакыттан бери күн-түн дебей эл кызматында жүргөн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын чакырылгандардын тизмесине кирбегендиги эл арасында кызуу талкуу жаратууда.
Ырчы SUPER TV менен маек куруп, талкуу боюнча өзүнүн оюн билдирди.
"Пендебиз да, президент жолугушуу өткөрөт экен дегенде күтүп, өзүмдүн оюмду айтканга укугум бар деп ойлогом. Чакырылган жокмун, ага маани деле бербедим. "Үнүң жетпеген жерге кыйкырба" дейт, барбай калдык. Кечинде үйгө барып, күнүмдүк иштер тууралуу Инстаграм баракчама отчёт чыгарам. Ошондо баракчама келген каттарга көз жүгүртүп, ким ыраазы, ким нааразы болду деп карайм. Ар бир билдирүүгө жооп бергенге аракет кылам. Ошол күнү "ыктыярчылар менен болгон жолугушууга сиз эмнеге барбай калдыңыз, Эрнест Бөрүбаев эмнеге барган жок?" деген каттар көп келиптир. Алгач көңүл бурбай эле коёюн деп ойлодум. Бирок түнү менен ойлонуп, өзүмдүн жан дүйнөмдөгү кыйкырыгымды жазайын деп Инстаграм баракчама пикиримди калтырдым", - деди ал.
Ырчы Инстаграмдагы баракчасына жазган билдирүүсүндө мамлекеттик, эл аралык деңгээлдеги концерттерге катышууга даярданып, бир күн калганда тизмеден чийилип каларын да айткан.
"Мамлекеттик концерттерге алдын ала даярдануу иштерине катышып, кийимдеримди, өзүмдү даярдайм. Иш-чарага бир күн калганда эле чалышып "сизди тизмеден чийип коюшуптур, катышпай калдыңыз" дешет. Биздин үнүбүз жакпайбы, кийимибиз же кебетебиз жакпайбы деп ойлоп коём, бирок капа болбойм. Жакынкы аралыктагы эле окуяга токтолсом, Кытайга концертке жөнөйбүз деп даярдандык, анан эле Нарбаева сени чийип коюптур дешет. Кесиптештериңдин арасында сынып калуу эч нерсеге теңелгис, бул "кичинекей өлүм". Депрессияга кабыласың, бирок элге билгизбейсиң. Мен капачылыгымды элге билдирбешим керек. Өнөрүм менен жыл сайын концерттерди коюп келем, мугалим болуп иштейм. Кээде мени эмнеге эле тизмеден чийип сала беришет деп өзүмө суроо берем.
Эч качан бир чоңдун эшигин такылдатып кирген эмесмин, кирбейм дагы. Болуптур кирип сурандың, жакшы жооп берсе маңкайып чыгып кетесиң, а эгер жаман жооп болуп калса, эшиктин каалгасын кантип табасың? Мен анда өзүмдү жоготуп коймокмун. Өзүмдү сыйлайм, өзүмдү урматтайм.
Эл артисти наамын алышың керек деп Ысык-Ата райондук маданият башкармалыгынын жетекчиси, аким документтеримди Ак Үйгө жөнөтүшөт. Мына болот, ана болот деген жакшы кабар угасың, анан болбой калыптыр дешет. Алтынай Нарбаева андай "кичинекей өлүмдүн" далайынан өттү. Таарынычты айткым келбейт, бирок кечээги билдирүүмө кошуп койдум. Мен жөн гана ырчымын. Элдин "эмнеге сиз катышкан жоксуз?" деген суроосу баарынан бийик болуп, жан дүйнөмдөгү кыйкырыгым чыгып кетти".
Өз билдирүүсүндө ырчы жолугушууга жалаң жаштар барганын, аларга ак жол кааларын айткан.
"Жаштар деп жалпылап айткам. Менин өзүмдүн жеке мыйзамымда эч качан улууну кыя өткөн эмесмин. "Кыргыз аттан жыгылса да, салттан жыгылбайт", ушундай жерлерде жаштар улууларды бир аз сыйлап койсо десем, бир эле адамга кайрылгандай кабыл алышыптыр.
Чакырылбай калганым боюнча эч нерсе айта албайм, эч ким чалып, чакырган жок. Уюштуруучулардын ким экенин билбесем жообун деле билбейм да. Болгону жаштарга улууларды унутпагыла деген өтүнүчтү айттым. Ажо менен жолукканда Кыргыз өлкөсүн түп тамырынан бери өзгөртө албайт болчумун. Мен эч кимди бөлбөйм жана таарынбайм", - деди ал.