Коронавирустун алдын алуу максатында 16-мартта "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортундагы бир катар аба каттамдары убактылуу токтотулган. Бүгүн, 19-мартка карата тизме жаңыланып, дагы 4 авиакомпания аба каттамдарын убактылуу токтотту. Жаңыланган тизме.
1. "Түштүк Кытай аба жолдору" (China Southern Airlines, Кытай Эл Республикасы):
Маршрут: Үрүмчү–Бишкек–Үрүмчү.
Бул каттам ушул жылдын 23-январынан 1-февралга чейин Кытайдагы Жаңы жыл майрамына карата токтотулган. 2-февралдан баштап аталган каттам толугу менен токтотулган.
2. "Вареш Эйрлайнс" (Varesh Airlines, Иран):
Маршрут: Тегеран–Душанбе–Бишкек–Тегеран. Аталган каттам ушул жылдын 3-февралынан тарта аптасына бир жолу жүргүнчү ташып баштаган. Аталган каттам 25-февралдан тартып белгисиз мөөнөткө чейин убактылуу токтотулду.
3. "Флай Дубай" (Fly Dubai, Бириккен Араб Эмираттары):
Маршрут: Дубай–Бишкек–Дубай. 19-21-23-25-26-28-мартка белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.
4. "Эйр Арабия" (Air Arabia, Бириккен Араб Эмираттары):
Маршрут: Шаржа–Бишкек–Шаржа. 10-марттан 4-апрелге чейин шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрдөгү жүргүнчү ташыган каттамдары убактылуу токтотулду.
5. "Эйр Астана" (Air Astana, Казакстан):
Маршрут: Нур-Султан–Бишкек–Нур-Султан. Дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөргө белгиленген каттамдардын баары март, апрель айларында учууну убактылуу токтотту.
Маршрут: Алматы–Бишкек–Алматы. 18-19-мартка белгиленген каттам убактылуу токтотулду.
6. "Өзбекстан аба жолдору" (Uzbekistan Airways, Өзбекстан):
Маршрут: Ташкент–Бишкек–Ташкент. 16-марттан 28-мартка чейин ишемби күндөргө белгиленген каттамдар, 4-апрелден 25-апрелге чейин дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби күндөргө белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.
Орусияга болгон аба каттамдар аталган өлкөнүн бийлиги тарабынан чет элдик жарандарга карата (Кыргыз жарандарына дагы тиешелүү) 18-марттан тарта киргизген чектөөсүнөн улам убактылуу токтотулду.
7. "Азимут" (Azimut, Орусия):
Маршрут: Ростов-на-Дону–Бишкек–Ростов-на-Дону. 25-март, 1-апрелден 27-майга чейинки каттамдар убактылуу токтотулду.
8. "Урал авиа жолдору" (Ural Airlines, Орусия):
Маршрут: Екатеринбург–Бишкек–Екатеринбург. 23-марттан 24-мартка караган түнгө, 25-марттан 25-мартка караган түнгө жана апрель айынын бардык күндөрүнө белгиленген каттамдар.
Маршрут: Москва–Бишкек–Москва ("Домодедово" аэропорту). 18-марттагы каттам токтотулду.
Маршрут: Москва–Бишкек–Москва ("Жуков" аэропорту). 18-марттан 1-майга чейинки аба каттамдары.
9. "Авиа Траффик Компани" (Avia Traffic, Кыргыз өлкөсү):
Маршрут: Бишкек–Дели–Бишкек. 19-26-мартка, 1-4-5-8-11-12-15-22-29-апрелге жана 6-майга белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.
Маршрут: Бишкек–Стамбул–Бишкек. 19-22-26-30-март жана 2-3-5-6-9-10-12-13-16-17-апрелге белгилеген каттамдар убактылуу учпайт.
Маршрут: Бишкек–Санкт-Петербург–Бишкек. 21-28-март жана 4-8-11-15-18-22-апрель күндөрү учуучу каттамдар токтотулду.
Маршрут: Бишкек–Москва–Бишкек. 19-24-26-мартта учуучу каттамдар.
Маршрут: Бишкек–Новосибирск–Бишкек. 20-27-апрель күндөргө белгиленген каттамдар токтотулду.
Маршрут: Бишкек–Воронеж–Бишкек. 21-мартта уча турган аба каттамы.
Маршрут: Бишкек–Грозный–Бишкек. 24-март күнгө белгиленген каттам токтотулду.
Маршрут: Бишкек–Сургут–Бишкек. 28-марттагы каттамы токтотулду.
Маршрут: Бишкек–Иркутск–Бишкек. 26-мартка жана апрель айына белгиленген каттамдар убактылуу учпайт.
Маршрут: Бишкек–Казань–Бишкек. 23-мартка жана 7-апрелден 21-апрелге чейинки күндөргө белгиленген каттамдар токтотулду.
Маршрут: Бишкек–Краснодар–Бишкек. 23-марттагы жана апрель айындагы аба каттамдары учпайт.
Маршрут: Бишкек–Красноярск–Бишкек. 31-мартка жана апрель айында уча турган каттамдар токтотулду.
"Ош" эл аралык аэропорту аркылуу убактылуу учпай калган каттамдар.
10. Эль-Кувейт–Ош–Эль-Кувейт (Jazeera Airways авиакомпаниясы) каттамы 10-марттан 1-апрелге чейин убактылуу токтотулду.
11. "Урал авиа жолдору" (Ural Airlines, Орусия):
Маршрут: Нижневартовс–Ош–Нижневартовск. 18-марттан 30-апрелге чейин белгиленген каттамдар.
Маршрут: Красноярск–Ош–Красноярск. 18-марттан 30-апрелге чейин уча турган каттамдар токтотулду.
Маршрут: Санкт Петербург–Ош–Санкт Петербург. 22-марттан 30-апрелге чейинки каттамдар.
12. "Авиа Траффик Компани" (Avia Traffic,Кыргыз өлкөсү):
Маршрут: Новосибирск–Ош–Новосибирск. 18-марттан баштап белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду.
13. "Тез Жет" (Кыргыз өлкөсү):
Маршрут: Бишкек–Жалал-Абад–Бишкек. 20-марттан тарта дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү уча турган каттамдар убактылуу учпайт.
"Манас" аэропортунан билеттерди тапшыруу, кайра алуу жана каттамдардын учуу мөөнөтүн авиакассалардын, компаниялардан тактап алууну суранат.