АКШнын борбор шаары Вашингтондо эпидемияга каршы чаралар күчөтүлдү. Мындан ары шаар тургундарына көчөгө бет капсыз чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
АКШда эпидемия башталгандан бери 4 миллион адам коронавирус жуктуруп, дээрлик 143 миң адам көз жумду. Ал эми 23-июлга карата дүйнө жүзүндө 15 миллион 300 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен 9 миллион 300 миңден ашык адам айыгып, аталган оорунун кесепетинен 625 миңден ашык адам көз жумганы белгилүү болду.