Баткенде 34 жаштагы келин коронавирустан айыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бүгүн, 3-апрелде Баткен облустук ооруканасынан COVID-19 диагнозу менен жаткырылган келин илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЦР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.