Бүгүн, 25-январда Кытай өлкөсү Жаңы жыл майрамын тосушат. Бирок жугуштуу вирустун кесепетинен майрамга карата белгиленген иш-чаралар токтотулду. Жалпы жугуштуу дарттын кесепетинен жабыркагандар миңден ашып, көз жумгандардын саны 41 кишиге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети залалдуу вирус Хубэй провинциясында башталып, анда 15 киши каза болгонун маалымдаган. Буга чейин аталган вирустуу дарттын айынан көз жумгандардын эң жашы 48 жаш болсо, эң улуусу 89 жаш экени айтылган болчу.
"Жугуштуу вирустун кесепетинен Кытайда адам өмүрү кыйылып жатат жана бул залалдуу вирустун учкундары Таиланд, Вьетнам, Сингапур, Япония, Түштүк Корея, Тайвань, Непаль, Франция жана АКШ өлкөлөрүндө байкалууда", - деп жазышууда чет өлкөлүк басылмалар.