Сактыкта кордук жок! Коронавируска байланыштуу Монголиядагы карантиндин мөөнөтү узартылды

Коронавирустун айынан Монголиядагы бала бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайлар ишин 30-мартка чейин убактылуу токтотот. Мындай чечимди Монголия бийлиги кабыл алганын батыш маалымат каражаттары жазышууда.

Маалым болгондой, өлкөдө коомдук иш-чараларды өткөрүүгө да тыюу салынды.

Коронавируска байланыштуу өлкөдө карантин жарыялоону Монголиянын саламаттыкты сактоо министри сунуштаган. Мындай сунуш 24-январда атайын сессияда каралып, Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-мартка чейин карантин жарыялаган.

Учурда Монголияда коронавирус жуктуруп алгандар каттала элек. Профилактика үчүн Монголия-Кытай чек арасы жабылып, 336 Монгол жараны Кытайда калган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан