Коронавирустун айынан Кыргыз жарандары кандайдыр бир обочолонууга, мазактоого кабылып жатышат. Анткени биз азиат түспөлүндө болгондугубуз үчүн, көпчүлүк вирустун очогу болгон Кытайдан келгендердей кабыл алууда. Мындай пикирди Италияда жашап, иштеп жана окуп жаткан кыргыздар социалдык тармактарда жазып чыгышкан.
Мындан улам SUPER.KG порталы дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жашап жаткан Кыргыз жарандарынан кабар алып турууну чечти. Бүгүн, 27-февралда Германияда окуп жаткан студенттер Алина Бейшенова менен Асел Бактыярова коронавируска байланыштуу абал тууралуу өз пикирлери менен бөлүштү.
Германиянын Мюнхен шаарында окуган студент Алина Бейшенова кебетеси азиялык болгондуктан, көчөдө баратканда кичинекей окуучулар "коронавирус" деп кыйкырган учур бир-эки жолу катталганын айтат.
"Германияда анын ичинде Мюнхенде, тагыраагы Бад Тольц шаарчасында коронавирус жөнүндө ар бир экинчи адамдын сүйлөшүп, талкуулап жаткандарын байкоого болот. Бад Тольц шаарчасында дүйнөнүн ар кыл тарабынан келген мигранттар көп болгондуктан, бизге өзгөчө мамиле же жаман көз карашты байкаган жокмун. Тейлөө кызматтарында бардык адамдардай эле тейлөө кызматын көрүп жатабыз. Бирок кебетебиз азиялык болгондуктан, көчөдө баратканда кичинекей окуучу балдар бизди көрүп "коронавирус" деп кыйкырып, күлүп өтүп жаткан учур бир-эки жолу катталды. Ал эми акыл-эске толуп калган адамдардан андай сөз уккан жокпуз. Февралдын башында Италияга бир жумалык саякаттоо учурунда Милан шаарында жогоруда айткан учурлар көп эле кездешти. Ал жерде бир гана окуучулар эмес, чоң адамдар деле бизди көрүп "коронавирус" деп, коомдук жайларда мазактап тамаша иретинде айткандары менин кыжырымды келтирди. Мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанды. Туристтер көп болгон Венеция шаарында мындай жагдайга туш болгон жокпуз", - деп билдирди Алина Бейшенова.
Ал эми Баварияда жашап жаткан Асел Бактыярова Германиянын Мюнхен шаарында вирустан жабыркагандар табылганын билдирди.
"Мюнхенде коронавирус жуктуруп алгандар катталды. Алар дароо ооруканага жеткирилип, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынды. Коронавирус менен күрөшүүдө мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар чоң ролду ойнойт деп ойлойм. Бул жакта көзөмөл күчтүү болгондуктан, көчөдө бет кап тагынгандар аз эле кездешет. Жашоочулар арасында кадимкидей эле жай турмуш орун алууда. Бизге Кыргыз жарандарына болгон терс мамилеге туш боло элекмин", - дейт Асел.