Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө коронавирус кантип жеткени боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде айтты
Айтымында, учурда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Нарын облусунда жүрүшөт.
"Нарында акыркы күндөрү ооругандар эмнеге көбөйүп кетти деген суроолор болуп жатат. Бул боюнча бүгүнкү күндө атайын комиссия иштеп, вирустун пайда болуусун текшерип жатышат. Анын ичинде төрөт үйүнө коронавирус кантип жеткенин дагы аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Менимче, учурда бардык оорулуулар аныкталды", - деди ал.