Бүгүн, 26-март коменданттык сааттын күчүнө киргенинин экинчи күнү. Өзгөчө абал тартибиндеги эрежелерди бузуп, мыйзам бузууга жол берген фактылар бүгүн дагы уланып жатат. Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынын маалыматына ылайык, саат 23:00гө карата 30 адам кармалды.
Коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилип, тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Ал эми күнү-түнү иштеген колл борборуна телефон аркылуу чалуулар түшүп жатат. Шаар ичинде азыркы тапта 70тен ашуун патрулдук милициянын кызматкерлери иштеп жатышат.
25-март саат 08:00дөн тарта 15-апрель саат 08:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.