Чүйдө 42 жаштагы аял күйүктөн алган жаракатынан улам каза болду. Шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда аялын өлтүргөнгө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

12-февралда Сокулук РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө күйүктөн жаракат алган аял түшкөнү маалымдалган.

"Жабырлануучу күйүктөн алган жаракатынан улам эртеси күнү каза болгон. Маркум 42 жаштагы М.О. аттуу аял экени аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кылмышка шектүү катары маркумдун 46 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, шектүү үйүнө мас абалда келип аялынан эртерээк тамак жасап берүүсүн талап кылган. Шектүү ачуусу келип аялына бензин чачып жиберген. Бул учурда аялы газды жандырганда от аны көздөй каптап кеткен", - деп билдирет мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан