Өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Бишкекте 45 жол кырсыгы катталып, 60 адам жаракат алды

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими киргизилгенден бери, тагыраагы 25-марттан 22-апрелге чейин жалпы 45 жол кырсыгы катталып, 60 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган. Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкек шаарында 45 жол кырсыгы катталып, 60 адам жаракат алды. Акыркы бир сутка ичинде 59 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузду. Анын ичинен 50 эркек, 7 аял жана 2 чет элдик жаран кармалды", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2020-04-22 12:37:24
Карантинден пайдаланып Бишкек Ош жолун ондоп койсонор жакшы болмок айрыкча тунельди каттам кобойгондо силерда кысап жол ондобой
+2
Mister-X
2020-04-22 13:30:01
Карантинде ушунча кырсык болуп атат,башка убакта кырылып эле жатат окшойт.
+2
Omar.
2020-04-22 14:22:43
Демек дтп нын себептеринде, же оң рулдуу уналарда эмес экен, керек болсо пустой жолдо туура айдай албаган, эрежени билбеген ХХХХ экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан