"Түнү бою бирөө башыма тепкилегендей сезилүүдө". Казакстанда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкери оору тууралуу билдирди

Казакстандын Алматы шаарындагы ооруканалардын биринде иштеген Эльнура Гапбасова аттуу дарыгер коронавирус жуктуруп алгандыгы жана азыркы абалы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кутман кеч урматтуу достор, туугандар, кесиптештер. Мен коронавирус инфекциясы деген диагноз менен ооруканада жатам. Ушул убакка чейин бул термин мага кандайдыр бир деңгээлде алыс көрүнгөн жана бул инфекция жоктой сезилчү. Бирок тагдыр мага башкача жазылыптыр. Ишемби күнү, 11-апрелде кесиптешим экөөбүз бизди эмне күтүп жатканын билбестен, жумушка жөнөдүк. Биз оорулууларды сактап калуу үчүн бардык, бирок биз кесиптештерибиздин бизди бул инфекциядан куткарышын күтүп калдык. Бизди үстүбүздөн башкарган жана эпидемияга каршы иш-чаралар менен алектенип жаткан адамдардын жоопкерчиликсиздигинен улам, биздин команда ушул жерде болуп калдык.

Бардыгы менден өзүмдү кандай сезип жатканымды сурап жатышат. Азыр өзүмө бирөө мени карга ыргытып, түнү бою башыма тепкилегендей сезилүүдө. Башым катуу ооруп, дене табым 40 градустан ылдый түшпөй жатат. Дем алуу, муундар, көкүрөк, белдин оорушу. Жалпысынан алганда, бул абдан коркунучтуу оору экен. Бүгүн төшөктөн туруп, бир аз тамак жедим. Мындан кийинкиси жакшы болот деп ойлойм.

Мамлекеттик клиникалык оорукананын жана Республикалык оорукананын кызматкерлерине биз үчүн бул инфекция менен күрөшүп жаткандары үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Үйдө отуруңуздар. Силердин жазгандарыңар, дарылар, чалуулар, тамак-аш баары мага келип жатат. Бирок мен азырынча чалууңуздарга жооп бере албайм. Жооп берүүгө азырынча күч жок. Мен бардыгыңыздарды жакшы көрөм жана бекем кучактайм", - деп жазып калтырган коронавирус жуктуруп алган дарыгер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
pero5184
2020-04-18 12:56:03
Айыгып кет
+3
Belek1710
2020-04-18 14:22:02
Татына кыз экенсиң, абайла, айыгып чык толук, келечегиң алдыда баары жакшы болот.
+2
murat17
2020-04-18 14:24:06
айыгып кет. мына сулуу деп ушул кызды айтса болот обу жок 60 мин евро короткон кыз бул кыздын бутуна дагы тен келбейт экен
-2
Mister-X
2020-04-18 14:26:53
Чынында эле аябай сулуу экен.
+3
rola
2020-04-18 14:43:52
Алла шыпаасын берсин.Сулуулугуна соз жок.
+4
machobek17
2020-04-19 02:35:33
Аллахым шыфа берсин сизге
0
Ka2sr1
2020-04-19 08:36:45
Тенирим тилегинди берсин. Ооруба жаным.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан