Учурда социалдык тармактар, WhatsApp мессенжери аркылуу тараган окуя, тагыраагы Ош облусунун Өзгөн районунда бир жаран коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда бир жаран коронавируска кабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус катталган жок. Кыргыз өлкөсүндөгү эпидемиологиялык абал туруктуу. 28-февраль күнү Өзбекстан аркылуу Түштүк Кореядан келген 1 Кыргыз жараны жана 2 Орус жараны Кара-Суу районундагы "Достук" көзөмөл-өткөрмө пунктунан өткөн. Санитардык-карантин пунктунун кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмге ылайык, аларды мындан ары көзөмөлдөө үчүн убактылуу обсерваторияга жеткиришкен. Учурда баарынын абалы канааттандырарлык, коронавирустун белгилери жок", - деп жазылат маалыматта.