Испанияда жашаган ырчы Ирина Шотт: "Коронавирустан улам Испания, анын ичинде мен "камакта калдым"

Көп жылдан бери Испанияда жашап жаткан ырчы, Эрлан Андашев менен биргеликте "Жаным, жаным" аттуу ыры үчүн "Жылдын супер ыры" наамын алган Ирина Шотт коронавирус окуясы боюнча Испаниядагы абал тууралуу SUPER.KG порталына маалымат берди. Кайрылуудан мурун ырчы айым Испанияда ансыз деле бүт жак дүрбөлөңгө түшүп, телеканал, гезит-журналдарда жалаң жагымсыз кабарлар берилип жатканын айтты. Андыктан элди ого бетер мүңкүрөтпөй, абалга позитивдүү көз караш менен кароо тууралуу пикирин билдирди.

"Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары, азыр баарыбыз дүйнөдө эмне болуп жатканын билебиз. Менин оюмча, дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Тилекке каршы, эч ким вирус, оорудан камсыздалган эмес. Күн сайын сасык тумоо, рак, өпкө ооруларынан миңдеген адамдар көз жумат. Мен учурда Европада, тагыраагы Испанияда болуп жаткан окуя тууралуу айтып берейин деп чечтим.

Менин Испанияда жашаганыма көп болду. Бул жакта өзүмдү эркин сезем. Бирок ошол эркиндикти тартып алганда жагымсыз сезимдер болот экен. Учурда Испания, анын ичинде мен "камакта калдым". Өткөн жумада биздин үй-бүлөбүзгө жакын адам каза болуп (ред. коронавирустан каза болгон эмес), коронавируска карата карантинге байланыштуу аны акыркы сапарга талаптагыдай узата алган жокпуз.

Жолдун баары жабылгандыктан жолдошум менен ата-энебиздин үйүнө айылга барганда чыга албай калдык. Ал жакта мен чыгармачылык менен алек болуп, таза аба менен дем алып, окуянын жакшы жактарын көргөнгө аракет кылып жатам. Испандыктар бийлик тарабынан берилген бардык талапты жоопкерчилик менен аткарууда. "Карантин жарыяланды, көчөгө чыгууга тыюу салынды" дештиби, эрежени катуу сактап жатышат.

Чынында, бардык иш-чаралар токтотулуп, бардык жак жабылганын укканда аябай капаландык. Мындай абалга байланыштуу менин да белгиленген жолугушууларым, концерт, интервьюларым токтотулду. Ошентсе да элге көңүлдү чөктүрбөй, жеңишке ишенүүлөрүн суранат элем", - деген ырчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2020-03-20 00:30:27
Биздин келиндер айылда калса ак халат кийип керилип эс ала албайт гоо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан