Түштүк Кореяда коронавирус менен жабыркагандар дарылануу үчүн ооруканага кезекке туруп жатышат

Түштүк Кореяда бүгүнкү күнгө алынган маалыматка ылайык, коронавирустан 29 адам көз жумуп, 4 812 адам жабыркап жатат. Учурда Тэгу шаарында коронавирус менен жабыркагандарды дарылоого ооруканаларда орун жетишсиз болууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары билдирген. Айтымында, өлкө бийлиги коронавирустун жайылуу масштабын алдын ала алган эмес.
"Тэгуда коронавирусту жуктуруп алгандардын ичинен 1 800гө жакын адам ооруканага, медициналык жайларга барып, дарылана албай, кезек күтүп жатышат. Коронавирустун жайылуу масштабын алдын албаганыбыз үчүн чын дилимден кечирим сурайм. Мунун айынан учурда көптөгөн бейтаптар үйлөрүндө кезегин күтүп жатышат", - деген министрдин орун басары.
Учурда бул вируска каршы дарыланып жаткандардын ичинен 34 адам сакайды. Алдыда жөнөкөй жарандарды текшерүүнү күчөтүү мерчемделүүдө деп айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bekbol2006
2020-03-03 13:56:37
Онуккон олколор алдын алалбай атат Кыргызстанды Кудай сактасын
+2
aydinnur
2020-03-03 14:07:22
Мына сага алдынкы олколор ушундай акыбалда калса,биздин медицинага соз жок..Муфтият деле жума намаз жонундо чындап ойлонуш керек экен..П.с. муну окуп алып ,той торопо,базар-сазар,чача-пача,кудай озу сактайт дебегиле..Тойлордо аябай дунгурото откоргондо ашып кетсе 400-500 киши болот,базарда болсо адамдар бир жерге копко токтобойт..
+2
Omar.
2020-03-03 14:45:51
aydinnur, Башкасын айтсаң дагы жума намазга асылбай эле койгулачы..
-5
Belek1710
2020-03-03 14:07:34
Кыргызстан жазды го кантип алдына алса болот экенин, 3 айдан кийин
+1
katerina.li
2020-03-03 15:43:25
Арстан Алай сактасын
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан