Тажикстан коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны боюнча Орто Азияда биринчи орунга чыкты

Коңшу Тажикстанда акыркы бир сутка ичинде 202 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү таратты.

"Бир сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 202 адамга көбөйүп, республика боюнча бул инфекция менен ооругандардын жалпы саны 1 миң 524 адамга жетти. Ал эми бул оорудан акыркы бир суткада тилекке каршы 3 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 39га жетти", - деп билдиришкен министрликтен.

Министрликтин билдиришинче, бул өлкөдө 4 миң 196 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат жана 493 бейтап ооруканадан чыгарылган.

Бул көрсөткүч менен Тажикстан коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны боюнча Орто Азияда биринчи орунга чыкты (39 адам). Андан кийин Казакстан (34 адам), Кыргыз өлкөсү (14 адам) жана Өзбекстан (12 адам).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saidochka
2020-05-18 13:01:56
Ооруну жашырсан, өлүм ашкере кылат деген ушу да, буларда деле бар болсо керек эле, жашырып атышты эле да, менимче
+14
bazar
2020-05-18 19:38:20
32 миллион калкына салыштырганда Өзбекстанда жок деп койсо деле болот экен
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан