Коронавирустун айынан Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы италиялык "Ювентус" клубу менен франциялык "Лион" клубунун жооптук беттеши күйөрмандарсыз өтүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Football Italia" басылмасы УЕФА уюмуна таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, УЕФА уюму Италиядагы коронавирустун айынан болуп жаткан акыркы кырдаалдарга көз салып жатат. Коронавирус Италияда күч алып кетсе, беттешти күйөрмандарсыз өткөрүү маселеси каралмакчы. Бул жооптук беттеш 18-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Италиянын Турин шаарындагы "Альянц Стадиум" стадионунда өтөт.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Италияда коронавирустан 52 адам каза болсо, 2036 адам бул илдетти жуктуруп алган.