"Ысык-Көл облусунун Каракол шаары менен Ак-Суу районунда катталган эки жаран Ганси авиабазасында 2 күн гана жаткан. Жергиликтүү маалымат каражаттарында алардын анализи жакшы чыкканын айтышкан. Мурунку алгоритмге ылайык, алар 3 күн обсервацияда жатып, үй карантинине чыгарылгандан кийин үйүнө чейин транспорт уюштуруп дегендей, көзөмөл болушу керек беле? Алар обсервациядан чыккандан кийин коомдук транспорт менен келишиптир" деген суроо узатылды.
Бул суроого Каратаев: "Бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, тартип бузулган болсо жазага тартылат. Туура, алгоритмге ылайык, үй карантинине чыккандан кийин эрежелер сакталышы керек эле", - деди.
Коронавирус менен ооруп, каза болгондорго чыгарылган атайын буйрук бар, маркумдар ошого ылайык көмүлүп жатат.
Онкологиялык борборго обсервация жайгаштырылганы тууралуу: "Ал жакта өзүнчө бокс бар. Ал жакка онкологиядагылардын эч кимисин киргизбей элебиз",- деди.
Мадемин Каратаев суроолорго жооп берүүдө. "Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир кызматынан коронавирус табылса, кызматкерлердин баары обсервацияга алынабы?" деген суроо узатылды. Ага министрдин орун басары: "Бир гана саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери эмес, башка мекемеде да оору катталса, мекеменин баары обсервацияга алынат", - деп жооп берди.
"Буга чейин тоңдурулган анализдердин баары тесттен өткөрүлдү. Тоңдурулган анализдер калган жок,", - дейт министрдин орун басары.
Коронавирусту жуктурган бейтаптардын жаш курактары:
15 жашка чейинки балдар - 38;
16-19 жаштагылар - 12;
20-35 жашка чейинкилер - 90;
36-55 жаштагылар - 141;
56 жаштан улуулар - 96.
Кыргыз өлкөсүндө 12-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктургандардын саны 38ге жетти. Жалпы бейтаптардын саны 377. Катталгандардын баары обсервацияда жаткандар.
Аймак боюнча алганда:
Бишкек шаарында – 5;
Чүй облусунда – 3;
Ош облусунда – 3;
Ош шаарында – 12;
Ысык-Көл облусунда – 2;
Нарын облусунда – 13.
Жалпы алганда:
Бишкек шаары - 59;
Жалал-Абад облусу – 89;
Ош облусу – 119;
Ош шаары – 54;
Чүй облусу – 21;
Баткен облусу – 4;
Нарын облусу – 25;
Ысык-Көл облусу – 6.