Социалдык тармактарда эки дарыгердин ак куулардын бийин бийлеп жаткан видеосу тарады. Анда коргонуучу кийим кийинген дарыгерлер ак кууларды эске салган кыймылдарды жасап жатканын көрүүгө болот.
Бул видео Кытайдын Сучжоу шаарындагы Аньхой провинциясында тартылганын кытай басылмалары жазып чыгышты. Бийге түшкөн эки дарыгер алардын ооруканасында коронавирустан айыккан 6 бейтаптын урматына бийлеп бергендиги белгилүү болду.