Японияда коронавирус менен жабыркаган бейтаптарга жаңы дарыны колдонууга уруксат берилди

Японияда АКШда иштелип чыккан "Remdesivir" препаратын коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого колдонууга уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, уруксат америкалык компания тиешелүү арыздар менен кайрылган соң 3 аптадан кийин берилген.

"Remdesivir" дарысы өз убагында эбола вирусуна каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан. Бирок ал учурда дары өзүнүн эффективдүүлүгүн берген эмес. Кийин ал SARS жана MERS инфекцияларын дарылоодо өзүн көрсөтө алган.

Аталган препаратты "Gilead Sciences" компаниясы иштеп чыккан. Анын клиникалык сыноолору окумуштуулардын эл аралык тобу менен коронавирустун өтө оор түрү менен жабыркаган адамдарда жүрүп жатат.

Май айынын ичинде Авиган (Фавипиравир, Фавилавир) препараты да уруксат алып калышы мүмкүн. Бул дары "Fujifilm Toyama Chemical Co" компаниясы тарабынан 6 жыл мурда иштелип чыккан. Бирок кош бойлуу аялдарга зыян алып келген касиеттери бар болгондуктан, башка дарылар эч жардам бербей калган учурда гана бийликтин атайын уруксаты менен колдонууга болгон дарылардын катарын толуктаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан