Украинада биринчи жолу коронавирус катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
1-мартта Украинанын саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Виктор Ляшко Италиядан келген жаранды коронавируска текшерип жатышканын айткан. Тесттин жыйынтыгында жаранда вирус бар экендиги аныкталган. Врачтын айтымында, аэропортто жүргүнчүнүн дене табын текшеришкенде, жакшы болуп чыккан. Черновицк облусуна келгенде кайра текшерүү жүргүзүшүп, анын саякаттан келгенин билишкен соң коомчулукка чыкпай туруусу тууралуу эскертишкен. Жубайы менен күйөөсү талаптарды аткарып, коомго чыкпай отургандын экинчи күнү коронавирустун белгилери бейтаптан байкалып, ооруканага жаткырылган.
Эске салсак, буга чейин Украинанын Новые Санжары айылынын тургундары Кытайдан келген мекендештеринин автобустарын санаторийге киргизбей, таш бараңга алганы жазылган.