Орусияда коронавирустан акыркы бир сутка ичинде 144 адам каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 65 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 144 адам каза болсо, 5 миң 225 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 835 (айыккандар 919);

Санкт-Петербург шаарында - 212 (айыккандар 107);

Ростов облусунда - 180 (айыккандар 100);

Москва облусунда - 175 (айыккандар 160) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 97 миң 251 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 339 адам каза болсо, 906 миң 462 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан