Өлкөдө маданий иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды

Өлкөдө маданий иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Мындай чечим коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча штабдын кезектеги жыйынында маалымдалганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда жакынкы күндөргө белгиленген эл көп топтолуучу иш-чаралар токтотулганы айтылат. Мындай чектөөнү аткаруу министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына тапшырылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2020-03-05 09:04:10
Анда азыркы 8-мартка карата коюлуп жаткан концерт,чай концерттердин баарын токтотуш керек да,афишалар кочолорго батпай кетти концерт койом дегендердин айынан,
+4
bond02
2020-03-05 09:54:32
Значит Кыргызстанга да келген ал дарт.
-2
Mirlan27011987
2020-03-05 10:21:18
Таджикстанда мечиттер да убактылуу жабылыптыр. Эн туура чечим болуптур. Бизге да ошондой керек.
-2
bratanyn
2020-03-05 10:41:50
Сактыка кордук жок дейт.
+3
JaneEr
2020-03-05 10:44:35
Карантин керек уже!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан