Сактыкта кордук жок. Португалиянын президенти эки апталык карантинде болмокчу

Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соуза эки апта ичинде өтө турчу бардык иш-чараларга чектөө киргизди. Ал коронавирустун тез жайылып жаткандыгына байланыштуу эки апта бою карантинде болмокчу. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Ага ылайык, эки апта бою Португалиянын өлкө башчысы иш-чараларга катышпайт жана өлкөдө түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. "Президентте коронавирустун белгилери жок болгонуна карабастан, өзүнүн бардык коомдук ишмердүүлүгүнө эки аптага чектөө койду. Ошондой эле башка өлкөлөргө белгиленген иш сапарларынан дагы баш тартты", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин президент мектеп окуучуларын кабыл алган. Мындан кийин ал окуучулар окуган мектепте бир окуучудан вирустун белгилери табылганы үчүн мектеп жабылган. 71 жаштагы президент Марселу Ребелу де Соузанын ден соолугун дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. Буга карабастан өлкө башчы резиденцияда иштөөсүн уланта бермекчи.

Учурда Португалияда коронавирустан 30 адам жабыркаганы маалым.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан